Орусия: Кыргыз, чечен, өзбек тектүүлөр ортосунда массалык мушташ чыкты

Орусия: Кыргыз, чечен, өзбек тектүүлөр ортосунда массалык мушташ чыкты

Москвада Кыргызстандын, Өзбекстандын жарандары жана Чеченстандын (РФ) тургундарынын катышуусунда массалык мушташ болду. Гжель көчөсүндөгү чайканада чыккан жаңжалда эки адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Алардын айтымында, жаңжал 9-январь күнү эртең менен бири экинчисинин уюлдук телефонун уурдоого аракет кылганынан улам башталган. Натыйжада, 10 чакты адам катышкан жаңжал бычак менен ок атуу менен аяктаган. Жабырлануучулар ден соолугуна байланыштуу дагы деле көрсөтмө бере албай жатышат. Үч адам кармалган.

Укук коргоо органдары Орусиянын мыйзамдарына ылайык, адам өлтүрүү, ден соолукка атайылап анча оор эмес зыян келтирүү беренелери боюнча тергөө иштерин баштады. Курал-жаракты, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү уурдоо же опузалап алуу жана адам өлтүрөм жана денеге оор залал келтирем деп коркутуу боюнча кылмыш иши козголду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>