Орусия Кыргызстанга окуучулардын тамактануусу үчүн 15 млн $ бөлөт

Орусия Кыргызстанга окуучулардын тамактануусу үчүн 15 млн $ бөлөт

Орусия өкмөтү БУУнун 2023-2026-жылдарга карата Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Кыргызстанда мектептерди тамактандыруу системасын өнүктүрүү долбоорунун үчүнчү фазасын ишке ашырууга 15 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу 20-июлда Орусиянын КРдагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Орусия 2013-2023-жылдары Кыргызстандагы мектеп окуучуларынын тамак-ашын жакшыртуу программасын ишке ашырууга 22 миллион доллар бөлгөн.

«Бул долбоордун аркасында республика боюнча 200 миң бала мектепте ысык тамак алышат. 850 мектептин ашканалары оңдолуп, заманбап ашкана жабдуулары менен жабдылды, 4000 тонна байытылган уну жеткирилди. Мектептердин ашпозчулары жана ашкана кызматкерлери үчүн кошумча 3 миң жумушчу орун түзүлдү», — деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>