ОшМУнун студенттери кытайлык университеттин дипломун ала алышат

ОшМУнун студенттери кытайлык университеттин дипломун ала алышат

Кыргызстан менен Кытайдын ЖОЖдору кызматташтыкты күчөтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, 18-июлда министр Каныбек Иманалиев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Сиань Сыюань университетинин делегациясын кабыл алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Сиань Сыюань университетинин проректору Чжао Мин Юй ОшМУнун студенттерин Сыюань университетине тандоо боюнча келишим тууралуу айтып беришти.

Студенттер окууну аяктагандан кийин кош диплом, тагыраагы ОшМУ менен Сиань Сыюань университетинин бакалавр даражасын ала алышат.

Кыргызстанга болгон иш сапарында Сиань Сыюань университетинин делегациясы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине болуп, Кыргыз-Орус Славян университети жана Кыргыз улуттук агрардык университетинде өз ара кызматташууну жөнгө салуу максатында жолугушууларды пландаштырып жатканын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>