Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун бир бөлүгү жабылат

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун бир бөлүгү жабылат

11-майдан 18-майга чейин альтернативдүү түндүк-түштүк жолунун Арал айылынан Казарман айылына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Эске салсак, Гидрометеорология кызматы катуу шамал тууралуу эскертүү берген. 10-майдан 14-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт, өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Арал-Казарман унаа жолунун тилкесинде сел жана таш кулоолору мүмкүн.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жолдун бөлүгүн селден жана жер көчкүдөн тазалоо боюнча тоскоолдуксуз иштерди жүргүзүү үчүн жолдун аталган бөлүгү жабылат. Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, иш чөйрөсүндө жүрүүдөн алдын ала маршрутту ойлонуу сунушталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>