Орусияда 1 млндон ашык кыргызстандык миграциялык каттоого алынган

Орусияда 1 млндон ашык кыргызстандык миграциялык каттоого алынган

Орусияда 1 миллион 63 миң кыргызстандык миграциялык каттоого алынган. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы Орусиянын жарандыгын алган чет элдик жарандардын саны 735 миң 385 адамды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 79 миңге көп.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, миграциялык каттоого алынган чет элдиктердин да саны өскөн. Эгерде 2020-жылдын 12 айында 9 миллион 802 миң 448 адам болсо, былтыр 13 миллион 392 миң 897. Ошол эле учурда виза алган өлкөлөрдөн келген чет элдиктер Орусияга аз кире баштаган.

«2021-жылы чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 216 442 виза берилген», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда 2020-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч дээрлик 225 миң адамды түзгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>