Орусияда кыргызстандык жигит полициянын огунан жарадар болду

Орусияда кыргызстандык жигит полициянын огунан жарадар болду

Хабаровск шаарында Кыргызстандын жаранын кармоо учурунда милиция кызматкерлери ок чыгарган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, милиция 24-августта рейд жүргүзүп, документтерди текшерген. Уруксат кагаздарын текшерүү учурунда Кыргызстандын 2003-жылы туулган С.Р., аттуу жараны качып кетүүгө аракет кылып, укук коргоо органынын кызматкерин сүзүп алган. Аталган жарандын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюу максатында курал колдонулуп, натыйжада С.Р. октон жаракат алып, камакка алынган. Учурда ал оор абалда ооруканада.

«Бул факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Хабаровск аймагы боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренесинин (укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу) негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган адамга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо маселеси чечилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсеси жана Хабаровск шаарындагы ардактуу консулу консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн С.Р.нын жакындары менен байланыш түзүштү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>