Сом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам бар
Өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт
27.08.2023 | 18:26
Кыргызстандын аймагында ушул жылдын 27-28-августунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
“28-29-августта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 градус болот”, — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ кокту-колоттордон топтолгон селдин алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом