Орусиядагы кыргыз элчилигин фотостудия кылып алыштыбы? Расмий жооп

Орусиядагы кыргыз элчилигин фотостудия кылып алыштыбы? Расмий жооп

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында мыйзамга туура келбеген иштер жасалууда. Бул жер элчилик эмес, бизнес болуп бара жатат. Мындай билдирүүнү «Репортёрго» Москвадагы мекендештер билдирип, сүрөт, видеолорду салышкан.

Редакция бул маселе боюнча аталган элчиликке кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алды.

«Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан жарандарды акы төлөп сүрөткө тартууга байланыштуу коммерциялык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул Элчиликтин аймагы жана имараттары режимдик объектилердин катарына кирет, буга байланыштуу Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү тарабынан коммерциялык кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имараттарынын комплексинде коноктор үйү жана кафе бар, алар өзүнчө чарба жүргүзүүчү субъект болгон «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын балансында турат.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, кафенин фойесинде бекер негизде, кыргызстандыктардын демилгечи тобу тарабынан 2020-жылдын 29-декабрына чейин акысыз негизде, консулдук каттоого туруу үчүн кайрылган Кыргызстандын жарандарын сүрөткө тартуу үчүн бөлмө бөлүнгөн, алдыдагы 2021-жылдын 10-январында боло турган Кыргыз өлкөсүнүн президентин шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоочулардын тизмесине киргизүү максатында.

Ушундай жол менен, ыктыярчылар кыргыз мекендештерине шайлоонун алдында, Москвада 300 рублга жакын турган сүрөт тартууга жумушчулардын каражатын үнөмдөөгө жардам берүү ниетинде,  мекендештер жабдууларды орнотуп, Кыргызстандын жарандарын 100 рублга (чыгымдалуучу материалдарга жумшалат) сүрөткө тартып жатышат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, консулдук каттоого катталууда арыз ээси 3*4 өлчөмүндөгү эки түстүү фотосүрөтү керектелет», — деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>