Бишкекке Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан кыргызстандыктар учуп келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Манас» Эл аралык аэропорту 15-августта «Урал Авиалиния» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Ал учак менен Орусиядан дагы 162 кыргыз жараны кайтып келген.