Орусиялык атактуу блогер Чыңгызды жаңжалдан алып калды (ВИДЕО)

Орусиялык атактуу блогер Чыңгызды жаңжалдан алып калды (ВИДЕО)

Орусиялык “ABRACADABRA TV”  ютуб каналынын блогери Москвада курьер болуп иштеген кыргызстандык Чыңгызга жардам берди. 24 мүнөттүк видеодо социалдык эксперменттери жана кыргызстандык курьер Чыңгызга кандай жардам бергени камтылат.

Кыскача окуя туурасында учкай айта кетсек, атын атабаган блогер карыянын образдында социалдык экспермент жүргүзүп жүргөн жеринен капыстан курьер менен бир кишинин кыжыңдашып жатканын көрүп калып, жагдайды сүрүштүрө баштайт. Көрсө, тамак-аш жеткирип иштеген курьер велосипеди менен бирөөнүн унаасын чийип алат. Унаанын ээси курьерден 500 рубль талап кылып жаткан болот. Блогер курьердин акчасын төлөп коёюн деп акчасын сунганда, бала болбой фирма төлөйт деп каршы чыгат. Акыры блогер ийге келтирип отуруп, курьерден талап кылып жаткан акчасын берет. Курьерди сүрүштүрүп отурса кыргызстандык Чыңгыз аттуу жигит болуп чыгат. Чыңгыз блогерге акчасын кийинчерээк кайтарып берүүгө камылга көрүп, алдын ала анын банктык картасынын номерин алууга аракет жасайт. Бирок, блогер ага көнбөй койду. Ошентип алар жылуу коштошот.

Бул ютуб каналдын 2 млн. 600 миңден ашык катталуучусу бар. Блогер ардайым атын атабастан ар түрдүү бет каптар менен карыялардын, селсаяктардын образдарында социалдык эксперменттерди кылып, тургундардын психологиясын, ой-жүгүртүүлөрүн коомчулукка ачып бергиси келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>