Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Айсулуу Тыныбекова «Азиянын мыкты балбан кызы» деп табылды
23.12.2021 | 14:35
Айсулуу Тыныбекова «Азиянын мыкты балбан кызы» деп табылды. Бул тууралуу Азия бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун Инстаграм баракчасында жазылган.
Уюм күрөштүн олимпиадалык (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер) түрлөрү боюнча жыл ичинде ийгиликтерди багындырган спортчулардын аныктаган.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча жылдын мыкты балбаны болуп Токио Олимп оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекованы тандашкан. Грек-рим күрөшүнөн Олимп чемпиону ирандык Мохаммедреза Гераи мыкты деп табылган. Эркин күрөштөн болсо Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси ирандык Хассан Язданичерати мыкты деген баага ээ болду.
Спортчуларды сыйлоо келээрки апрелде Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо, уюмдун башкы ассамблеясында болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт