Аскат Алагөзөв: 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолу жабылып туратКыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүнАйыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койдуКиберчабуулдар жана маалыматтардын сыртка чыгып кетиши ВИЧтин алдын алууга жана дарылоого тоскоол болуудаСергей Волков: КРСУнун азыркы окуу корпустары мектептер жана колледждер үчүн пайдаланылат
Ош: 12 кабат үйдөн кулап 20 жаштагы кыз көз жумду
14.01.2022 | 11:41
Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулап кеткен кыз көз жумду. Бул туурасында Ош облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-январь күнү түнкү саат 03.00 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүнүн 44-дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйүнүн 12 кабатынан, өзү жашаган үйдүн ашканасынан 20 жаштагы кыз түшүп кетип каза болду. Ал Ош шаарындагы орто окуу жайларынын биринин 2-курсунун студенти. Кадамжай районунун тургуну. Окуя болгон үйдө убактылуу жашап турган.
Учурда окуянын себептери иликтенүүдө, тиешелүү күбөлөр суралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар