«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду

27.07.2026 | 17:36
«Бишкек» ЭЭА Кытайда өкүлчүлүк ачып, кызматташуу тууралуу макулдашууга кол койду — Новости Кыргызстана

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) Кытайга жасалган жумушчу сапардын жыйынтыгында Сычуань провинциясынын Чэнду шаарында өз өкүлчүлүгүн ачты. Өкүлчүлүк жергиликтүү «Шинжаң эл аралык соода-логистикалык компаниясы Цзиньшэн Хунцяо» ЖЧКсынын колдоосу менен түзүлдү. Өнөктөш компания маалыматтык колдоо көрсөтүп, ЭЭАнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга жана кытайлык инвесторлор менен байланыш түзүүгө көмөктөшөт.

Сапардын алкагында «Бишкек» ЭЭАсынын делегациясы Кытайдын бизнес-коомчулугунун 250дөн ашуун өкүлү, потенциалдуу инвесторлор жана компания жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү.

Мындан тышкары, Шэньси провинциясынын Сиань шаарында Кытайдын Демократиялык улуттук курулуш ассоциациясынын алдындагы Шэньси провинциясынын Ишкерлер ассоциациясына мүчө болгон алдыңкы компаниялардын ээлери менен жолугушуу өттү. Анын жыйынтыгында узак мөөнөттүү кызматташуу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлду. Документ өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга, ошондой эле Кытайдын мамлекеттик органдары жана бизнес өкүлдөрү менен натыйжалуу кызматташууну жолго коюуга багытталган.

«Бишкек» ЭЭсында белгилешкендей, кол коюлган документтер инвестицияларды тартууга, заманбап өндүрүштөрдү локалдаштырууга жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мекеме Кыргызстандын инвестициялык потенциалын илгерилетүү жана туруктуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерин улантууда.

Теги: Кытай
Scroll to Top