Кыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүн

27.07.2026 | 18:16
Кыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүн — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) тигүү тармагындагы ишканалар жана маркетплейстерде соода кылган ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын нөлдүк ставкасын киргизүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу МСКнын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.

Анын айтымында, учурда тигүү ишканалары бирдиктүү салыкты 0,25% ставка менен, ал эми маркетплейстердеги селлерлер (сатуучулар) 2% менен төлөп жатышат. Салык төлөөчүлөрдүн бул категориялары үчүн 1-августтан тарта ушул жылдын аягына чейин нөлдүк ставканы белгилөө сунушталууда.

Ысабеков белгилегендей, бул чара ата мекендик ишкерлерди колдоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле чет элдик бизнестин Кыргызстанда жеке ишкер катары катталып, эл аралык соода аянтчаларында иштөөсүнө түрткү (стимул) болот.

Ошону менен бирге мамлекеттик органдар Орусиянын Электросталь жана Котовск шаарларындагы Wildberries логистикалык борборлоруна жасалган дрон (учкучсуз учак) чабуулдарынан жапа чеккен кыргызстандык селлерлердин чыгымын эсептеп жатышат. Ал кампада ата мекендик тигүү ишканаларынын продукциясы сакталган эле.

Scroll to Top