Ереванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу
Аскат Алагөзөв: 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолу жабылып турат
27.07.2026 | 18:42

Кыргызстандын президентинин маалымат катчысы Аскат Алагөзөв 30-июлдан 1-августка чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки автожол маал-маалы менен жабылып турарын билдирди.
Анын айтымында, чектөөлөр Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жана Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин мамлекеттик сапарларына байланыштуу киргизилүүдө. Мындан тышкары, бул күндөрү Ысык-Көлдө мамлекет башчыларынын катышуусунда «Борбордук Азия — Азербайжан» саммити өтөт.
Ысык-Көл районунун тургундарынан жана Ысык-Көлдө эс алып жүргөндөрдөн жол жүрүүнү пландаштырууда убактылуу чектөөлөрдү алдын ала эске алууну жана жаралышы мүмкүн болгон ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом