Айыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Италиянын айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөрүнүн FederUnacoma федерациясы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Министрликтин маалыматына ылайык, документ айыл чарбасын механизациялоо, заманбап агротехнологияларды киргизүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин модернизациялоо боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Тараптар агрардык секторду техникалык жактан жаңылоо, айыл чарбасын санариптештирүү жана айыл чарба техникаларын биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан менен Италиянын агрардык тармактагы кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана тармакты өнүктүрүү үчүн заманбап чечимдерди киргизүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Мындан тышкары, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен FederUnacoma федерациясы да өзүнчө меморандумга кол коюшту. Документ эки уюмдун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга негиз түзөт.