Россияда 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген кыргыз жараны кармалды — видео

Россияда 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген кыргыз жараны кармалды — видео

Россияда 27 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу россиялык телегарм-канал жазды.

Эскерте кетсек, буга чейин россиялык ММКлар, Санкт-Петербургда 27 жаштагы кыз киши колдуу болгонун, анын өлүмүнө 41 жаштагы Кыргызстандын жараны шектелип, изделип жатканын жазышкан. Шектелип жаткан Кыргызстандын жараны маркумдун үйүндө оңдоо иштери жасап, иштеп жаткан.

Маалыматка караганда, шектүү катары кармалган кыргызстандык күнөөсүн мойнуна алган. Суракта ал маркум менен урушуп кеткенин айткан: уруш маркумга анын оңдоо иштеринин жасаганы жакпай калгандыктан чыккан.

«Алдын ала версия боюнча, ал кызды жыгач балка менен башка бир нече жолу уруп, андан кийин провод менен муунткан. Сөөктү полиэтилен менен ороп, батирдеги курулуш таштандылары салынган каптардын жанына коюп койгон», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>