Ош автобекети мэриянын карамагына өттү

Ош автобекети мэриянын карамагына өттү

Ош автобекети шаар мэриясынын карамагына өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин 24-июлдагы токтомуна ылайык, автобекет мэриянын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген. Буга чейин ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгон.

3-августта мэр Бакытбек Жетигенов автобекеттин абалын жеринен көрүп чыккан.

«Анын негизинде тиешелүү кызматтарга тезинен бекеттин аймагын асфальттоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды баштоону, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүүнү тапшырды.

Ошондой эле жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен автобекетти капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырмасын берди», — деп бидирет мэрия.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>