Ош — Баткен — Исфана жолунан 40,8 млн сом өөнөлгөнү аныкталды

Ош — Баткен — Исфана жолунан 40,8 млн сом өөнөлгөнү аныкталды

Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүүдө 40,8 млн сом жеке кызыкчылыктарга пайдаланылып кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн алкагында, аталган ишкананын кызмат адамдары өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, өздөрүнө жана башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык табуу максатын көздөшүп, 2022-жылы “Т.и.К.” ЖЧКсы менен түзүлгөн Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Кадамжай-Чечме участогуна 20 км узундуктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча келишимдин негизинде 40 млн. 888 миң сом бюджеттик акча каражаттарын мыйзамсыз өз кызыкчылыктарына колдонуп жиберишкендиги аныкталган.

Ошол эле учурда, “Кыргызавтожол” МИнин  мурдагы башкы бухгалтери Б.О., ишкананын директорунун орун басары А.А. эч кандай баштапкы ырастоочу документтерсиз жана ишкананын директору менен макулдашуусуз “Т.и.К.” ЖЧКму тарабынан аткарылбаган иштердин жалпы көлөмүн кыскартуу жана карыздын иш жүзүндөгү суммасын жашыруу максатында 12 млн. 681 миң сом  акча-каражатын “Кыргызавтожол” МИнын эсебинен “Т.и.К.” ЖЧКму пайдасына чыгарып салган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иш козголуп, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергелүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>