Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Экспертизанын жыйынтыгы эки ача бойдон калды

Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Экспертизанын жыйынтыгы эки ача бойдон калды

Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини атып салган адамдын аффект абалында болуп-болбогонун тактоо үчүн кайра экспертиза өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, мындан мурда айыпталуучунун аффект абалында болуп-болбогонун аныктоо үчүн экспертиза жасалып, ал боюнча эки жыйынтык чыккан. Биринде ал аффект абалында болгон деп жазылса, экинчисинде айыпталуучу аффект абалында болгон эмес деген тыянак чыгарылган. Ага байланыштуу, тактоо киргизүү үчүн кайра экспертиза дайындалган.

Бирок материалдар экспертизага жөнөтүлгөндө, жабырлануучу тарап кайра экспертиза өткөрүүгө макул болбой, арыз жазган. Мындан улам материалдар артка кайтарылган. Андан кийин ишти экспертизага жөнөтүү же соттук отурумду улантуу маселеси каралып, анда ишти кароону улантуу тууралуу чечим кабыл алынган. Ага ылайык соттук отурум 12-майга белгиленген.

Айыпталуучунун аффект абалы тууралуу эки ача жыйынтык болгондуктан, сот кайсы корутундуну эске аларын сураганыбызда, облустук соттун басма сөз кызматы аны сот чечерин билдирди.

Эске салсак, окуя былтыр 1-июлда саат 8:30 чамасында Бишкек — Торугарт жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы травматикалык курал менен атып салган. Ал алган жараатынан каза болгон.

Белгилүү болгондой, тергөө иштери жүрүп жатканда шектүүнүн окуя учурунда аффект абалында болуп-болбогону боюнча экспертиза дайындалган. Чүй облустук милициясы билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгы шектүү аффект абалында болбогонун көрсөткөн.

Иш тергелип бүткөндөн кийин Чүй райондук сотуна өткөрүлгөн.

Кийинчерээк айыпталуучунун аффект абалында болуп-болбогондугу боюнча эки ача жыйынтык чыккан белгилүү болгон.

Мындан мурда шектүүнүн жактоочусу Эркинбек Ирискулбеков Reporter.kg’ге билдиргендей, мыйзам боюнча шектүү 8 жылдан 12 жылга чейин камалышы мүмкүн. Бирок экспертиза тарабынан окуя учурунда ал аффект абалында болгону ырасталса, анын жазасы жеңилдетилмек.

«Аффект абалында болгондо кылмышты атайын жасаган болуп эсептелбейт. Анда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин берилет», — деп билдирген ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: сот Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>