Маматалиев парламентти сындагандарды чектен чыкпоого чакырдыКелерки жылы Эгемендүүлүк күнү Нарында белгиленетКРда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда — кеңири маалыматСадыр Жапаров Нарын менен Кочкордо 433 батирлүү ипотекалык үйлөрдү пайдаланууга бердиКыргызстан менен Грузия «жашыл» долбоорлорду өнүктүрүүнү көздөөдөЖК төрагасы: Абдибаева педофилдерди коргоону көздөгөн эмес
Ош: Депутат алдамчылыкка шектелип кармалды
22.09.2021 | 16:04
Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинин депутаты 56 жаштагы М.Х. ушул Шарк айыл аймагына караштуу Падаван айылынын 1960-жылы туулган тургуну С.З.га тиешелүү айдоо жерин, турак-жай салууга болот деп бир канча кишиге сатып жиберген. Жабырлануучу 2019-жылы милицияга кайрылган. Бул туурасында Ош облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул тапта алданып жер тилкесин сатып алган жарандардын, айрым турак-жай тургузуп алгандарды канча каражатка чыгым болгонун иликтөө максатында тергөөгө чакырган.
Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылыкка) менен шектелип, Кара-Суу райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар