Ош: Кафедеги чыр. Милиция улуттар аралык кастыкты козутпоого чакырат

Ош: Кафедеги чыр. Милиция улуттар аралык кастыкты козутпоого чакырат

Ош шаарында “Манас-Ата” кафесинде жаңжал чыгып: “НЕ САХАР” теледолбоорунун журналисттерин мекемеге киргизбей, көрсөтүүнүн алып баруучусун өзбекче сүйлөөгө чакырышкан. Бул социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Буга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн жоопкерчиликти эскертип, чагымчыл билдирүүлөрдү жана кайрылууларды таркатпоого чакырды.

Белгиленгендей, мекеменин ээси Бахтияр Гуламов өзүнүн кызматкеринин эмоционалдуу сөздөрү үчүн кыргыз элинен кечирим сурады.

Белгилей кетсек, программада “Манас-Ата” кафеси санитардык, эпидемияга каршы нормаларга жана эрежелерге жооп бербегени көрсөтүлгөн. Бирок көрсөтүүнүн алып баруучусу мекемеге киргиси келгенде ага уруксат берилген эмес. Мекеменин администратору аны өзбек тилинде кайрылууга үндөгөн.

Бул маселе социалдык тармактарга чыккандан кийин колдонуучулар нааразы болуп, аялды жоопко тартууну талап кыла башташкан. Аталган мекеменин ээси жана кызматкерлери милиция бөлүмүнө чакырылган.

Тэги: Манас Ата

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>