Ош: Кара-Суу шаардык кеңешининин спикери депутатты сабап салды

Ош: Кара-Суу шаардык кеңешининин спикери депутатты сабап салды

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты спикерден токмок жеди.  Бул тууралуу маалыматты Ош облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 15-апрель күнү саат 16.30дар чамасында милицияга 57 жаштагы Х.Р денесинен жаракат алып райондук ооруканага түшкөн. Факты катталып, тактоо иштери башталды. Жабырлануучу келген ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлерине Н.А. шаардык мэриянын жыйындар залында сабап салган. Ал киши чара көрүүнү суранган.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, учурда күбөлөр аныкталып, суракка алынды. Тергөө иштери уланууда.

24.kg маалымат агенттиги жабырлануучу депутат Рустам Хатамов, ал эми  спикер  Абдырахман Назаров экенин жазып чыкты . Белгилей кетсек, ачык маалыматтар боюнча Абдырахман Назаров ММА мушкери болгон. Ал 84 килограмм салмакта күч сынашып жүрчү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>