Эсеп палатасы Бишкек мэриясынан каржылык мыйзам бузууларды тапты

Эсеп палатасы Бишкек мэриясынан каржылык мыйзам бузууларды тапты

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 2019-2020-жылдарга бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттин жүрүшүндө Эсеп палатасы 6 миллиард 349 миллион 525,3 миң сомго каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой, 350,5 миллион сомдун максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталып, 22 миллион сом негизсиз эмгек акы төлөөгө жумшалган, 2 миллиард сомдон ашык дебитордук жана кредитордук карыздар жашырылган, дагы 1,5 миллиард сом негизсиз түрдө иштеп жаткан уюмдарга бөлүнгөн.

Эсеп палатасынын маалыматы боюнча, бул мезгилде мэрия тарабынан 107 миллион сомдон ашык материалдык баалуулуктар негизсиз эсептен чыгарылган жана курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмү дээрлик 14,5 миллион сомго ашыкча аткарылып, 22 миллион сомго инвентарлардын жетишсиздиги аныкталган.

Эсеп палатасы каржылык мыйзам бузуулар боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага, ал эми аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча текшерүү объекттерине көрсөтмө жана сунуштамалар жөнөтүлгөнүн билдирди.

Жогоруда айтылган жылдары Бишкек мэриясын Азиз Суракматов жетектеп турган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>