Алты жыл бузук турган тик учак оңдоодон өткөрүлдү

Алты жыл бузук турган тик учак оңдоодон өткөрүлдү

2016-жылы Россия тарабынан Кыргызстанга берилип, бир жылдан кийин бузулуп калган тик учак оңдоодон өткөрүлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

«2016-жылы Россия Федерациясы тарабынан Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагы берилген экен. Албетте, Россиянын мындай белегине ыраазычылык билдирилип, тик учак өлкөнүн ар кандай муктаждыктарында пайдаланылат. Бирок, тилекке каршы, аталган тик учак туура бир жылдан кийин, 2017-жылы бузулуп, ошол бойдон ушу кезге чейин ар кандай себептер менен ремонттолбой туруп калат.

Биз жаңы тик учактарды алгандан сырткары, колдо барларын оңдоп-түзөп, мамлекеттин муктаждыктарына колдонууга аракет кылып келебиз.

Ошол жарактан чыгып, 6 жылдан бери пайдаланылбай туруп калган тик учакты дагы адистерге көрсөтүп, ремонттосо боло тургандыгын аныктагандан кийин, Беларусь Республикасынын лидеринин көмөгү астында адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, МИ-8МТВ-1 тик учагыбызды ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өткөрүп келдик. Ошентип, тик учактарыбыздын саны дагы бирге көбөйдү», — деп жазды ал.

Ал тик учакты оңдоо иштерин көзөмөлүнө алган Александр Лукашенкого ыраазычылык билдирди.

 «Чындыгында эле беларустук адистер ремонт иштерин абдан сапаттуу жасаптыр. Бүгүнкү Талас облусуна болгон иш сапарыма дал ушул тик учак менен барып келдим. Биздин адистер ремонт мыкты болуптур деп баасын беришти.

Беларусь лидери, кесиптешим Александр Григорьевич Лукашенкого дагы бир жолу ыраазычылык айтам. Кудай буюрса, бул тик учагыбыз дагы өлкөбүздүн кызыкчылыгына көп-көп кызмат кылат деп ишенем», — деп жазды ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>