Ош мэриясына жаңы кадрлар келди

Ош мэриясына жаңы кадрлар келди

Мокеев Адилет Маматкадырович Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ал Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыктарын жетектеп, Ош облустук курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.

Большевиков Абай Кылычбекович “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Ал буга чейин “ОшТВ”, “ОшПирим” телеканалдарында кабарчы, алып баруучу, бөлүм башчы болуп эмгектенген. Дайындалганга чейин “ОшПирим” телеканалында директорлук кызматты аркалаган.

Эске салсак “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси Жалил Осмонов өз каалоосу менен берген арызына ылайык бошотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>