Садыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелетБишкекте соцмекемелердин дээрлик бардыгы, ал эми турак үйлөрдүн 77–80%ы жылуулукка кошулду
Видео: Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпионатынын финалына чыкты
14.04.2023 | 14:18
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Астана шаарындагы Азия биринчилигинин финалына өттү.
Ал таймашка бүгүн, 14-апрелде чыкты. Чейрек финалдагы биринчи беттешинде Тайырбек Жумашбек уулу япониялык Кодаи Огаваны 4:1 эсебинде утуп алды.
Ал эми жарым финалда ал ирандык балбан Ясин Аббас Резаигузголехтен күчтүү чыкты. Беттеш 11:2 эсебинде жыйынтыкталды.
Финалда Тайырбек Жумашбек уулу кытайлык Лю Миңху менен күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз