Ош: Милициянын бөлүм башчысы баңгизат менен кармалды

04.04.2022 | 13:38

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун (УККБ) башчысы   баңгизат менен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

УКМКнын кызматкерлери, аталган А.У.К. 2022-жылдын 1-апрелден экисине түнкү саат 03:15 чамасында 894 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар баңги затын белгиленген жерге бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнун (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги,1982-жылы туулган А.У.К. жана Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) 4-взводунун кенже инспектору 1998-ж.т. Т.у.А. кармады.

Жыйынтыгында Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз баңги затын ташыган каналдардын биринин ишине бөгөт коюлду.

 

Scroll to Top