Ош облустар аралык оорукананы капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалууда. Оңдоо иштерин аткара турган компанияны аныктоо үчүн тендер жарыяланды.
Оңдоо иштерине 295 млн 755,8 миң сом каралган. Бул акчага оорукананын ичи-тышы жасалып, чатыры, терезе-эшиктери алмаштырылат, жылуулук куурлары жаңыртылат жана башка жумуштар аткарылат.
Тендер боюнча арыздар 17-октябрга чейин кабыл алынат.