Билеттердин баасы, Lufthansa, Милан жана форум: Манасбек Самидинов — КР авиациясынын пландары тууралууКазакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат АлагозовУКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Кыргызстандан жарым жылга макулатура экспорттоого тыюу салынды
08.07.2026 | 12:24

КР Министрлер кабинети кайра иштетүүгө жарактуу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктарды) экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирет.
Токтомго ылайык, тыюу салуу алты ай мөөнөткө киргизилет жана кайра иштетүүгө жарактуу, ЕАЭБдин ТЭИ ТН (Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык номенклатурасы) 4707 коду боюнча классификацияланган кагазга жана картонго (макулатура жана калдыктар) жайылтылат.
Чектөө товарлардын транзитине, ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан берилүүчү гуманитардык жардамга тиешелүү эмес.
Экономика жана соода министрлигине токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен убактылуу тыюу салынгандыгы тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлоо тапшырылды. ТИМ (Тышкы иштер министрлиги) ушул эле мөөнөттө КМШнын Аткаруу комитетине билдириши керек.
Мамлекеттик бажы кызматына жана Мамлекеттик чек ара кызматына макулатураны мыйзамсыз алып чыгууга жол бербөө боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Ошол эле учурда Минкабдын 2026-жылдын 14-январындагы ушундай эле токтому күчүн жоготту деп табылды.
Документ расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.