Ош: Подполковник айым ардактуу эс алууга узатылды

Ош: Подполковник айым ардактуу эс алууга узатылды

Бүгүн, 23-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы ички иштер органдарында 30 жылга жакын кызмат өтөгөн маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги Азизакан Исмаилованы салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул иш-чара Ош ОИИБде мамлекеттик тууну көтөрүү аземи менен башталды. Андан соң ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенген милиция кызматкерин ардактуу эс алууга узатуу менен катар жаш кызматкерлердин ант берүүсү менен уланды. Башкармалыктын 12 милиция кызматкери салтанаттуу түрдө ант беришти. Аталган иш-чарага Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, Ош ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин тѳрагасы Курсан Камчиев жана Ош ОИИБдин өздүк курамы катышты.

Милициянын подполковниги Азизакан Исмаилова ички иштер органдарында 28 жыл 10 ай кызмат өтөгөн. Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Жоробеков Азизакан Исмаиловага бекем ден-соолук каалап, кызматка ак ниети менен кызмат кылганына ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми жаш кызматкерлерди ант берүү аземи менен куттуктап, антын бекем сактап, кызматтык милдеттерин так аткарууга, кыргыз милициясынын беделине шек келтирбей ак кызмат кылууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>