Чүйдө жаран 37,5 миң евро жасалма акча менен кармалды. Чоо-жайы

Чүйдө жаран 37,5 миң евро жасалма акча менен кармалды. Чоо-жайы

Чүй облусунда жаран ири өлчөмдөгү жасалма акча менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Сокулук районунун Ж.Э. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 22-январда белгисиз адам 1,7 тонна көмүр сатып алган. Көмүр алган адам 200 доллар берип, 4,3 миң сом акча кайрып алган. Ал берген 200 доллар жасалма болуп чыккан.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 233-беренеси (Акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, Сокулук айылында жасалма акчага көмүр сатып алып жаткан жеринен 35 жаштагы Ж.А. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан 75 даана 500 евролук (37,5 миң евро) жана 67 даана 100 долларлык (6,7 миң доллар) купюра табылып алынган. Аталган каражаттар да жасалма болуп чыккан.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экенин белгилейт. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>