Ош шаарында 63 жаштагы киши аялына 4 жолу бычак сайды

Ош шаарында 63 жаштагы киши аялына 4 жолу бычак сайды

Ошто 63 жаштагы киши аялына 4 жолу бычак сайган. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-апрель күнү саат 10.00дөр чамасында Калинин жаңы конушунун 58 жаштагы тургуну  бычактан төрт жолу алган жаракаты менен Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Аны кошуналар алып келишкен. Дарыгерлер аялдын өмүрүн сактап калууга жетишкен, бирок анын абалы оор бойдон калууда.

Шектүү катары жабырлануучунун 63 жаштагы күйөөсү кармалган. Тергөө көрсөткөндөй, ал киши аялын атайылап өлтүрүүгө аракет кылган. Жаңжалдын жүрүшүндө ал мурда даярдалган бычак менен анын көкүрөгүнө бир нече жолу сайган.

Ызы-чуу менен кыйкырыкты уккан кошуналар келип, аялды ооруканага алып кетишкен.

Тергөө жүрүп жаткан учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Аялдын аман калганына карабай, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «Киши өлтүрүү» боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Тэги: бычак Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>