Кыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттү
Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө тротуар курулууда
13.05.2026 | 18:00

Ош шаарында Курманжан датка көчөсүнүн А. Навои жана Касымбеков көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде тротуар куруу иштери башталды.
Мэриянын маалыматында, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун узундугу 7 чакырымды, кеңдиги 2,25 метрди түзөт. Иштин алкагында көчөнүн эки тарабына жашыл аймак түзүү каралган. Бул максатта буга чейин миңдей бак-дарак отургузулган.
Өткөн жылы аталган көчө капиталдык оңдоодон өтүп, ирригациялык лотоктор орнотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом