Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Ысык-Көл облусунда 41 миңден ашуун сууру катталды
10.07.2026 | 10:09
Ысык-Көл облусунда суурулардын санын эсепке алуу иштери аяктады. Анын жыйынтыгында адистер жалпы 41 286 сууруну катташты.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, эсепке алуу иштерин Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүштү. Адистер бекитилген маршруттар боюнча талаа байкоолорун өткөрүп, суурулардын саны жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалы тууралуу маалыматтарды чогултушту.
Эсепке алуу иштери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан бекитилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин санын эсепке алуу боюнча нускамага ылайык жүргүзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом