Ош: Үгүт иштерине катышкан студенттер сурак беришти

Ош: Үгүт иштерине катышкан студенттер сурак беришти

Ондон ашык студент жана 2 мугалим күбө катары суракка чакырылды. Бул туурасында Ош шаардык милициядан Reporter.kg′ге кабарлашты.

Маалыматка караганда, 3-ноябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында кайсы бир партиянын үгүт иштерине студенттер жана мугалимдер катышып жатат деген маалымат келип түшкөн. Ош шаардык милиция жеринен ондон ашык студентти жана мугалим деген жарандарды алып келип суракка алган.

Аталган факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин 82-беренеси ( административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул боюнча да кошумча студенттер суракка алынышы мүмкүндүгү айтылды.

Буга чейин Ош шаарында «Азаттык» партиясы студенттерди үгүт иштерине аралшатырып жатканын эркин журналист Ыдырыс Исаков ютуб каналынан айтып чыккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>