logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Ошко Москвадан 156 кыргызстандык кайтып келди

Ошко Москвадан 156 кыргызстандык кайтып келди

12-июль күнү  Москва-Бишкек чартердик каттамык менен 156 кыргызстандык Ош шаарына келди. Бул тууалуу коронавируска күрөшүү үчүн түзүлгөн республикалык штаб маалымдады.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча мекендештердин жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Каттамга негизинен Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар, жаш балдар жана оор илдети бар же жакынын жоготкондор кирген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 60ка жакын чет өлкөдөн келе албай калган 20 миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>