Ошко Москвадан Кыргызстандын 158 жараны учуп келди

Ошко Москвадан Кыргызстандын 158 жараны учуп келди

“Ош” Эл аралык аэропорту 17-августта «Авиа Траффик Компания» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Кыргызстанга Орусиядан 158 кыргызстандык кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Борттогу орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Элчиликтин кызматкерлеринин, ИММ өкүлчүлүктөрүнүн жана Орус-Кыргыз Өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган комиссия түзгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргызстандын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Өзгөчө, каттамга Оусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>