Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Ысык-Көлдө орусиялык туристтер 4 жашар баласын жоготуп алышты
20.07.2023 | 09:53
Ысык-Көлдө орусиялык туристтердин жоголуп кеткен 4 жашар баласы табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 19-июлда саат 14:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Алтын-Көл” эс алуу жайында болгон.
Ошол учурда кызмат өтөп жүргөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери, милициянын старшинасы Санжар Эшалиев менен прапорщик Максат Болотбековго Орусиядан келген туристтер 4 жашар баласын жоготуп алгандыгын айтып, жардам сурап кайрылган.
Ошол замат полктун кызматкерлери эс алуу жайдын айланасын издешип, баланы таап, аман-эсен ата-энесине өткөрүп беришкен.
Милиционерлердин ыкчам аракетине туристтер ыраазычылык билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом