Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Ошто 15 аял “Баатыр эне”, 11 “Эне даңкы” медалын алышты
28.08.2024 | 11:24
Ош шаарында көп балалуу аялдарга “Баатыр эне”, “Эне даңкы” сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
15 аял “Баатыр эне” болушса, 11и “Эне даңкы” медалын алышты.
“Баатыр эне” наамы жети жана андан көп бала төрөгөн, балдарга бардык жактан татыктуу тарбия берген энелерге ыйгарылат. Ал эми “Эне даңкы” медалы менен алты бала төрөгөн жана аларды татыктуу тарбиялаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле жетим балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн окуу-тарбиялоо мекемелеринде 15 жылдан ашык кынтыксыз иштеген аялдар сыйланышат. Наамды тиешелүү жобого ылайык алуу үчүн жаран катталган дареги боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылса болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом