Ошто 2 тургунду алдап, 24 миң доллар зыян келтирген шектүү кармалды

Ошто 2 тургунду алдап, 24 миң доллар зыян келтирген шектүү кармалды

Ош облусунун Араван районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 29 жаштагы М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, Дили аттуу жаран анын Hyundai Avante унаасын 12 миң долларга баалап, акчасын 3-октябрда берем деп унаасын алган боюнча изин жашырып кеткен. Жабырлануучуга 10 миң долларлык зыян келтирилген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 52 жаштагы Х.Д. аттуу жаран кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн үстүнөн дагы бир арыз түшкөн. Арыз жазган 41 жаштагы Т.Ж. аттуу жаран билдиргендей, шектүү анын Hyundai Grandeur унаасын 19 миң долларга баалап алган. Ал 5 миң доллар берип, калган 14 мин долларды 19-октябрда берем деген бойдон изин жашырып кеткен.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлгөн.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>