Төө-Ашууда бороон бирок жол ачык

Төө-Ашууда бороон бирок жол ачык

27-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Сосновка посту дагы толук ачык.

Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу менен Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда бороон болуп жатат, жол ачык.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун ашууларында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Бишкек-Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу жана башка жолдордо каттам бар, тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>