Кечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадаладыРоссияда чума оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстанда чек ара көзөмөлү күчөтүлдүАба ырайы кескин сууктап, жаан жаайт: 5-октябрга карата аба ырайыКыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскертти
Ошто 3 млн сом байге коюлган кой көргөзмөсү өтөт
03.09.2025 | 14:40

Ош облусунда “Ала-Тоо” породасындагы койлордун эл аралык көргөзмөсү өтөт.
Айыл-чарба министрлиги маалымдагандай, көргөзмө 7-сентябрда Төлөйкөн ат майданында уюштурулат. Иш-чара “Ала-Тоо” породасын өстүрүү ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлүп, анын негизги максаты – кыргызстандык селекциячылар чыгарган породаны эл аралык деңгээлде таанытуу жана мал чарбачылыктын экономикалык натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Көргөзмөгө Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстан өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр катышат. Ошондой эле “Ала-Тоо” породасындагы койлорду өстүрүп жаткан бардык фермерлер өз малын алып чыга алышат.
Иш-чаранын жалпы байге фонду — 3 миллион сом.
Рубрики: Жаңылыктар