Ош шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтыкДарыгерлер пайда көрүү үчүн Индияга орган алмаштырууга жөнөтүп жатышатМайлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөтРоза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды
Кара-Суудагы 229 млн сомдук кыш заводу мамлекеттин менчигине кайтарылды
03.09.2025 | 14:53

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан кыш заводу жана ага тиешелүү жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Манас айыл өкмөтүндөгү 2 миң 475 гектар жер тилкеси жеке жактарга мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.
Прокурордук чаралардын жыйынтыгында, баасы 229 млн 750 миң сомду түзгөн кыш заводу жана ага тиешелүү 2,475 гектар жер тилкеси мамлекеттин карамагына өткөрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар