Ошто 30-ноябрдан тарта 1-класстын окуучулары мектепке барып окушат

Ошто 30-ноябрдан тарта 1-класстын окуучулары мектепке барып окушат

Ош шаарында 30-ноябрдан баштап 1-класстын окуучулары мектептерге бара алышат.

Бүгүн, 21-ноябрда Ош шаарынын мэриясында шаардын вице-мэри Эмил Шадыханов баштаган шаардык жарандык коргонуунун штабынын жыйыны болуп өттү. Анын жүрүшүндө шаардык мектептердин биринчи класстарынын окуучулары үчүн мектептерди ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе каралды.

Учурдагы санитардык-эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө маалыматты Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору Кыялбек Ташполотов, Шаардык СЭСтин өкүлдөрү, шаардын билим берүү бөлүмү сунуш кылышты.

Белгилей кетсек, статистикага ылайык, бүгүнкү күндө Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаал турукташкан.

Жыйынтыгында Штаб кабыл алган чечимге ылайык биринчи класстын окуучулары тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо менен мектепке бара алышат.

Ошондой эле, менчик мектептер жана бала бакчалар бардык зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык нормалар менен эрежелерди так сактоону эске алуу менен иштей тургандыгын белгиленди. Алардын сакталышын көзөмөлдөө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери тарабынан жүргүзүлөт.

Эске салсак, ушул жылдын сентябрь айынын башынан 6-октябрына чейин шаардын бардык мектептеринде 1-класстын окуучулары үчүн онлайн режиминде окутуу башталды.

Мамлекеттик бала бакчалар учурда ачылбайт.

Ош шаарында 55 мамлекеттик мектеп жана 26 жеке менчик мектеп катталган. Аларда 77832 окуучу бар, 3277 мугалим тренингдерди өткөрүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>