Ошто 49 жаштагы тургун «Хизб ут-Тахрирдин» катарынан чыкты (видео)

Ошто 49 жаштагы тургун «Хизб ут-Тахрирдин» катарынан чыкты (видео)

Ош облусунун тургуну «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ошто милиция менен УКМКнын кызматкерлери «Экстремист» аттуу алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Анын жүрүшүндө укук коргоо органдарында диний экстремизм боюнча ыкчам каттоодо турган жарандар, Сирия, Ирак жана Афганистан өлкөлөрүндө согуштук иштерге катышкандыгы үчүн сот жообуна тартылып, жазасын өтөп бүткөн атуулдар, чет элден келип жашап, иш жүргүзүп жаткандар менен маектешүүлөр өткөрүлүүдө. Алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталса, мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылары эскертилүүдө.

Аталган иштердин алкагында мурда соттолгон Араван районунун 49 жаштагы Р.Н. аттуу тургуну «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунан баш тарткан.

Ал «Хизб ут-Тахрирдин» иши туура эместигин айтып, жарандарды ал уюмдан алыс болууга чакырды.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>