Сыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болду
Кыргызстанда ноутбук, хромбук, планшет чогултула баштайт
28.03.2024 | 12:20
«Кыргызэлектроника» компаниясы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди чогултуу процессин баштайт. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия» ишканасы билдирди.
Гаджеттер «Билим» жана «Илим» брендди менен чыгат.
«Кыргызэлектроника» Acer, Lenovo сыяктуу көптөгөн дүйнөлүк бренддердин атынан ноутбуктар жана планшеттер үчүн тетиктерди чыгарган атактуу кытайлык Clovertek Industries компаниясынан электрондук компьютерлердин жана жабдуулардын сыноо үлгүлөрүн алды.
“Бул Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде окуучуларга жана студенттерге жогорку сапаттагы ноутбуктарды, хромбуктарды жана планшеттерди арзан баада сатып алууга мүмкүндүк берет”, – дейт ишкана.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика