Кыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалганТалас шаарында 5 миң орундуу «Талас-Арена» борбордук стадиону ачылдыБишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргизди
Ошто айдоочу үйүнүн жанында ойноп жүргөн баланы сүзүп, качып кеткен (видео)
18.09.2023 | 10:31
Ош шаарында 9 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-сентбярда Ош шаарынын Жапалак айылында үйүнүн жанында ойноп жүргөн 9 жаштагы баланы Daewoo Nexia унаасы сүзүп, качып кеткен.
Кайгуул кызматкерлери издөө иштеринин натыйжасында унаанын айдоочусун тапкан. Ал Кара-Суу районунун 22 жаштагы К.К. аттуу тургуну болуп чыккан.
Белгилүү болгондой, унаа айып короого коюлуп, айдоочу тергөө кызматына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз