Түркияда суу сактагычка кулаган тик учактагы 2 кыргызстандык каза болду

Түркияда суу сактагычка кулаган тик учактагы 2 кыргызстандык каза болду

Түркияда кырсыкка кабылган өрт өчүрүүчү тик учактын ичиндеги Кыргызстандын эки жараны жана Түркиянын бир атуулу каза болду. Ошондой эле бир кыргызстандык ооруканада жатат.

Түркиялык басылмалар жазгандай, 16-сентябрда Измир провинциясынын Келер районундагы токойдо өрт чыгып, аны өчүрүүгө ондогон атайын техника, анын ичинде тик учактар тартылган. 16-сентябрда болжол менен саат 23:55те тик учак өрт өчүрүү үчүн Тахтали суу сактагычынан суу алайын деп жатканда кырсыктаган. Тик учактын ичинде 4 киши болгон. Алардын үчөө Кыргызстандын жана бирөө Түркиянын жараны. Кырсыктаган тик учактагы 1 кыргызстандык куткарылып, ооруканага жаткырылган. Ал тик учакта экинчи учкуч болуп иштеген. 17-сентябрда анын абалы оор, бирок өмүрүнө коркунуч жок экени кабарланган.

Кырсык болгондон кийин издөө-куткаруу тобу таң эртеге чейин иштеп, суу сактагычка кулаган тик учакты табышкан. Бирок учурда тик учак суудан алынып чыга элек.

Ошондой эле, азырынча каза болгон үч адамдын сөөгү табыла элек. Маалым болгондой, 17-сентябрда издөө иштери кеч киргенге чейин жүрүп, андан кийин токтотулган. Издөө иштери бүгүн, 18-сентябрда уланат.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу, кырсыктан кийин алардын кызматкерлери окуя жерине чыгып кеткенин кабарлаган.

«Кыргызстандын Түркиядага элчилиги жана Стамбулдагы башкы консулдугу Измирдеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жана бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алууда», — деп билдирген консулдук.

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, бир кыргызстандык ооруканада, дагы экөө изделүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>