ЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыкты
Ошто айдоочулар мектебинин мугалими 50 миң сом пара опузалоого шектелүүдө
14.08.2024 | 10:14
Ош шаарында айдоочулар мектебинин кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милицияга шаар тургуну кайрылып, айдоочулар мектебинде иштеген кызматкер аял пара талап кылып жатканын билдирген. Анын айтымында, ал аял “сынактан ийгиликтүү өтүп, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн” 50 миң сом сураган.
Аталган факт боюнча “пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин маалыматы боюнча, айдоочулар мектебинин мугалими Д.С. 13-августта 40 миң сом пара алып жатканда кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.